«Кыргызстан коммерциялык банкы» өзүнүн мурдагы кызматкери менен соттошот

«Кыргызстан коммерциялык банкы» өзүнүн мурдагы кызматкери менен соттошот

«Кыргызстан коммерциялык банкынан» жоголгон 47 млн сом боюнча банктын мурдагы кызматкери Гүлмира Асанбекова милициянын тергөө абагына эки айга камалды. Аталган банк аны экономикалык чыгым келтирген деп айыптоодо. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.

Асанбекова банк жетекчилеринин басымы менен жоголгон ири каражатка жоопкер болуп калганын айтып, укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылган. Бирок аталган банк жетекчилери мурдагы кызматкери койгон дооматтарды четке кагып, Асанбекова экономикалык зыян келтиргенин айтып жатат.

Банктан жоголгон ири каражатты төлөш керек болгон Асанбекованын күйөөсү Бактияр Дуланов аялы 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Жазык кодексинин 205-беренесине шектүү катары кармалганын билдирди. Дуланов 30-сентябрда сот анын аялын эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.

«Кыргызстан коммерциялык банкы» натыйжалуу ички көзөмөл жүргүзөрүн, заманбап технологияларды колдонуу менен бардык бизнес-процесстер үзгүлтүксүз текшерилип турарын белгиледи. Ошондой эле банк өз аброюн сотто коргой турганын билдирди.

Айтор, эки тарап өз жүйөлөрүн келтирип, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышканын билдирип жатышат. Банк Асанбекова жоголгон акчанын калган бөлүгүн төлөбөй жатканы жөнүндө кайрылган. Ал эми Гүлмира Асанбекова эки жарым сутка мыйзамсыз банкта кармалганы жөнүндө арыз таштаган. Бишкек милициясы эки иш боюнча кенен маалымат берүүнү убада кылды дейт «Азаттык».

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган