Инвестиция министрлигине кошумча 22 млн сом бөлүүгө депутаттар макул болушту

Инвестиция министрлигине кошумча 22 млн сом бөлүүгө депутаттар макул болушту

Бүгүн, 4-октябрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов министрликтин чыгымдарына жана ведовствонун жумушунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча каржылоо бөлүүнү суранды. Бюджеттен акча бөлүүгө депутаттар да макулдугун беришти.

«22 млн сом кошумча каражат бөлүүнү сурап жатабыз, 12 млн борбордук аппаратка, 8  млн мурда белгиленип калган бизнес-форумдарга, инвестиция тартууга байланышкан иш-чараларга, 1 млн 400 миң банкроттук иштер боюнча департаментке жана коммуналдык кызматтарга, ошондой эле командировкалык чыгымдарга төлөө үчүн суранып жатабыз», – деди министрдин орун басары.

Эске салсак, 27-сентябрда ушул эле комитеттин жыйынында Нурадил Баясов ушул эле өтүнүчү менен келген болчу, бирок депутаттар Инвистиция министрин эч кандай жыйындардан көрүшпөгөнүн, депутат Осмон Турдумамбетов каражатты кайсы жакка иштетээри үчүн минстрликтин так планы жок экендигин сынга алып, министрлик иштеп баштагандан тартып, кандай реалдуу инвестиция келгенин сураган. Ошондой эле депутаттар бул өтүнүчтү кийинки комитетке калтырууну чечишкен болчу.

Ошол эле күнү 27-сентябрда президент Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алган эле. Ал жолугушууда министр шайлоого бара тургандыгын айтып, кызматтан кетүү каалоосун айткан. Президент Садыр Жапаров Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган