USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү багытында 19 млн долларлык долбоорун жарыялады

USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү багытында 19 млн долларлык долбоорун жарыялады

Бүгүн, 5-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда ишке ашырыла турган 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады. Бул тууралуу КРгы АКШ элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат. 

АКШнын КРгы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер: « Бул долбоор Борбор Азиянын аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз товарлардын тезирээк жүгүрүшүнө жана жаңы рыноктордун ачылышына жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз», – деди.

Долбоордун алкагында үч стратегиялык максатка жетүү үчүн, USAID мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт.

  • Биринчиден, бул долбоордун иши бажы жана чек ара процедураларын шайкеш келтирүү үчүн чыгымдарды азайтуу жана күтүү убактысын кыскартуу жана региондогу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт.
  • Экинчиден, долбоор өсүшкө түрткү бере турган жана инвестицияларды көбөйтө турган пайдалуу реформалар боюнча мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы диалогду жеңилдетет. 
  • Үчүнчүдөн, мындан тышкары, долбоор Борбор Азия чөлкөмүндө жана аймактан тышкары жайгашкан кызыктар болгон тараптардын эл аралык соода байланыштарын жогорулатууга өбөлгө түзүп бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган