Венгриянын элчилигинде кыргызстандыктарга Шенген визасы бериле баштайт

Венгриянын элчилигинде кыргызстандыктарга Шенген визасы бериле баштайт

Венгриянын элчилиги октябрь айынан тарта кыргызстандыктар үчүн Венгрияга жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө Шенген визасын бере баштайт. Мындай макулдашуу Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин биринчи жыйынында жетишилди.

КРнын ТИМден билдиришкендей, макулдашуу 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйында жетишилген. Кыргыз тараптан делегацияны КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ал эми Венгрия тараптан Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетектеген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев венгер тарапка КРнын Венгриядагы Элчилигинин түзүлүшүнө көмөк көрсөткөндүгү жана 28-ноябрда Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата КРнын Венгриядагы Элчилигинде шайлоо участогун ачууга жардам берип жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Стратегиялык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө, КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандыгы жана фонддун уставдык капиталы 50 млн АКШ долларга чейин акырындык менен толукталып баштагандыгы жөнүндө расмий жарыялашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакын арада Будапешт-Бишкек түз аба каттамын ачуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери ошондой эле кыргыз студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн каралган квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйтүү жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле КР менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Венгриянын КРгы Элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап КР жарандарына Венгрияга жана Европа Биримдигинин башка бир катар өлкөлөүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты, бул КР жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. КРнын Министрлер Кабинети менен Венгриянын Өкмөтүнүн ортосунда Stipendium Hungaricum  программасы боюнча макулдашууга
  2. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Stipendium Hungaricum программасынын алкагында 2022-2024-жылдарга карата өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  3. КР Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңеш түзүү жөнүндө меморандумуна.
  4. КРнын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корвинус университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга
  5. КРнын Венгриядагы элчилигинин жайгашуусу үчүн кыргыз тараптын пайдалануусу үчүн жай берүү жөнүндө келишимге.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган