Дастан Бекешев: тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат
Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 6-октябрда ЖКнын жыйынында айтты.
«Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Парламентте так маалымат жок. Бийлик элди алдап атса, өкмөттү чакыралы, маалымат берсин», – деди депутат.
Андан тышкары, КРга Бекешев мөөнөтү өткөн AstraZeneca вакцинасы келип жатканын жана өткөн жылы «кызыл зонада» иштеген врачтар эмгек акысын албаганын да баса белгиледи.
«Мөөнөтү бүткөн вакцинаны өлкөгө ким алып келди? Ким жооп берет?», – деди ал.
Ал белгилегендей, вакцинанын мөөнөтү бүткөндүктөн, жарандар экинчи дозаны өз убагында ала алышкан эмес.