Депутаттар Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин ишине нааразы – жыйынтык жок

Депутаттар Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин ишине нааразы – жыйынтык жок

Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге бүгүн, 6-октярдагы ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар суроолорун беришип, анын айткан жоопторуна, өкмөттүн жасаган жумуштарына канааттанышкан жок.

Мисалы, Оштогу Жапалак айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча депутат Айбек Осмонов статс-катчынын жоопторуна канааттанган жок жана туура эмес маалыматтарды бергенине нааразы болду.

«Отуруп алып эле жалган сүйлөй бересиңерби, тендерди жакында өткөрдүңөр го. Кантип иш жүрүп жатат деп айтып атасыңар? Жалган айтпагыла, Жапалакты таза суу менен камсыз кылууга 60 млн сом эмес 6 млн доллар бөлүнгөн. Жумуш аягына чыга элек эмес, баштала элек. Так даана жыйынтык менен келгиле», – деди.

Самат Бөрүбаевдин берген маалыматына ылайык, КРда суу менен камсыздалбай калган 645 айыл бар. Суу менен камсыз кылуу боюнча приоритеттүү айылдарды 2024-жылга чейин бүтүү пландалууда.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов болсо Оштун Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү таза суу жоктугун айтып нааразы болду. Анын айтымында, ал жерде эхинококк, сары оору, ич оору деген оорулар аябай кеңири жайылган.

Самат Бөрүбаев болсо ал аймактарда 2005-жылдан бери жумуш жүрүп келе жатат деп билдирди.

«2005-жылдан бери жумуш жүрүп келе жатса, ал министрди дароо камаш керек экен. Ал жерде 5 насос талкаланган. Алып бербейсиңерби, 8 млн сом турат экен. Суунун жетишсиздигинен жүздөгөн гектар жердеги бактар куурап жатат. Балдар ооруп, ооруканага батпай жатат. Депутаттарды алдаган силер, элди жөн эле алдап коесуңар», – деди Атазов.

Бейшеналы Нурдинов болсо Нарындагы сапатсыз курулган, жарылып аткан суу түтүктөрү боюнча статс-секретарга суроо узатты. Алган жообуна нааразы болгон депутат аймактагы көйгөйлөрдүн, министрликтин берген отчету туура эмес экенин баса белгиледи.

«Эмнеге силерде туура эмес маалыматтар кетип жатат. Силердин берген отчетунарда 7 км канализация, 1 насостук станция бүттү, 150 кудук оңдолду деп берилип жатат. Эч кандай андай болгон эмес, текшериңиз», – деди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган