«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде «канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын» билдирди. Бул тууралуу 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат.

Анда көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген.

«Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат. Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски дөңгөлөктөр, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар бар», – деп жазылган билдирүүдө.

Экологдордун маалыматына караганда, кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири калдык көмүлгөн жерлер бар. Бул маалыматтардын бардыгы юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Апта башында канадалык ишкана кыргыз өкмөтү «Центерра Голд» мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен жетектеген», «Центерра Голд» кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес», «Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган» деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке каккан.

«Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4.48 млрд доллардан ашуун каражат кошкон», – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин кыргыз бийлиги Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды деген билдирүү тараткан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия «Центерра Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 млрд 252 млн доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту «Центерра Голдду» Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

«Кумтөр Голд» ишканасына ээлик кылган канадалык «Центерра Голд» компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган