«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке кирсе, кызматкерлер 30%га кыскарат
«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке киргенден кийин өкмөттө иштеген кызматкерлер 30%га кыскарат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн, 6-октябрда ЖКда депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Кыскартууга туш болгон кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилет.
«Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат», – деди ал.
Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда Кыргызстанда президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин жалпы 368 миң адам бюджеттен айлык алат.