Министрлер кабинетин эми президент жетектейт – Жогорку Кеңеште каралууда

Министрлер кабинетин эми президент жетектейт – Жогорку Кеңеште каралууда

Министрлер кабинетин өлкөнүн президенти жетектейт. Мындай өзгөртүү «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилди, учурда ал Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда биринчи окууда президенттин министрлер кабинетинин ишиндеги жоопкерчилиги жана ролу көрсөтүлгөн эмес.

«Конституцияга ылайык, мыйзам долбоорунун биринчи беренесинде аткаруу бийлигин мамлекет башчысы башкараарын көрсөткөнбүз», – деп түшүндүрдү түзөтүүнүн автору, депутат Аалы Карашев.

Мындан тышкары, документте министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө коюлган квалификациялык талаптар камтылган.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. Аны буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет караган.

Ошондой эле быйыл 29-июлда Жогорку Кеңеш аны биринчи окууда жактырган. Бир топ эл өкүлү жумушчу комиссия түзүп, түзөтүүлөрдү кошуп, кайра иштеп чыгуу сунушун беришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган