Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Эскерте кетсек, бүгүн, 6-октябрдагы ЖКнын жыйынында Дастан Бекешев Тажикстандан электр энергиясынын келгени тууралуу маалымат жоктугун айткан болчу.

Компаниянын берген маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

«Октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылууну шарттайт. Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен Энергетикалык Системасынын алкагындагы макулдашууларга жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган