Айыл чарбаны колдоого «Айыл Банк» ААКга өкмөт 427 млн сом бөлдү

Айыл чарбаны колдоого  «Айыл Банк» ААКга өкмөт 427 млн сом бөлдү

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба жана башка техника менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ААКга өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426.6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

«Айыл Банк» ААКга КРнын Улуттук банкынын кайтарым эсептеринде топтолгон 426 677 758 (төрт жүз жыйырма алты млн алты жүз жетимиш жети миң жети жүз элүү сегиз) сом өлчөмүндөгү буга чейин берилген гранттар жана кредиттер боюнча финансы каражаттарын берүүсү тапшырылды.

«Айыл Банк» ААК чарба жүргүзүүчү субъекттерге айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

  • лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин
  • пайыздык ставка – жылдык 4.5 пайыз
  • баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес
  • күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети)
  • карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0.01 % өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган