АКШга «Green Card» лотереясына онлайн каттоо башталды
Америка Кошмо Штаттарынын бийлиги 2023-жылга карата «Green Card» лотереясына катышуу үчүн онлайн каттоо иштери башталганын жарыялады.
7-октябрда башталган арыздарды кабыл алуу процесси 9-ноябрга чейин https://dvprogram.state.gov дарегинде уланат. Бул лотерея чет өлкөлүк жарандарга Америкада жашоо укугун берет. Жыйынтыгы 2022-жылдын май айында жарыяланат.