Күз-кышка даярдыкты августта караш керек болчу, күздүн ортосунда эмес – Момбеков

Күз-кышка даярдыкты августта караш керек болчу, күздүн ортосунда эмес – Момбеков

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков электр энергиясы боюнча маселени көтөрдү. Анын пикиринде күз-кыш мезгилдерине даярдыкты жай айларында эле караш керек болчу.

«Өкмөт күз-кышка даярдык боюнча маселени эмки жумада комитетке киргизет, аркы жумада палатада карайбыз деп жатат. Алардын даярдыгын августта карашыбыз керек болчу, бүгүн болсо чабалдыгын карашыбыз керек эле. Болот деген суу болгон жок, Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок. Эки күн суук болду, даярдык кандай экени билинип калды. Светти өчүрүп башташты, бүгүн, 7-октябрда Чүйдүн жарымында свет жок. Ремонтко байланыштуу өчүрүлдү дейт, ремонт дегенди жайда жасайт да, күздө кыш түшкөндө кылабы? Жөн гана өздөрү айткандай имитация кылып жатышат. Мен түшүнбөй койдум, Энергетика министрлигин, бири айтат, кышында свет өчпөйт дейт, бири айтат, ондон кийин өчүрүш керек деп. Кайрадан өзү чыгарган буйругун өзү жок кылды. Кечээ министр Тажикстандан бир күндө 1 млн кВт/с электр энергиясын импорт кылып алып жатканыбызды айтты, тажик тарап болсо, энергия саткан жокпуз деди. Жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатышат», – деди депутат.

Андан тышкары, Момбеков өкмөт кышка даярдык көрбөй эле кадр алмаштыруу маселеси менен алек болгонун айтты.

«Бүтүндөй жетекчилердин баарын алмаштырышты. Бүгүн болсо анын запкысын эл тартып жатат. Көмүр жок, свет жок, свет жок болсо суу да жок болот. Көмүр таппай элдин баары көчөдө калбадыбы. Өкмөттүн чабалдыгын карап, Энергетика тармагындагы эрксиз адамдардын баарын кызматтан кетириш керек. Токтом токуп, президентке сунушташ керек», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган