ОКӨФ кредит берүүнүн минималдуу суммасын 100-200 миң долларга түшүрдү

ОКӨФ кредит берүүнүн минималдуу суммасын 100-200 миң долларга түшүрдү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кредит берүүнүн минималдуу чегин 200 миң долларга, ал эми Нарын жана Баткен облустары үчүн 100 миң долларга түшүрдү. Бул алыскы региондордогу ишкерлерди колдоо жана фонддун каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалган.

Уюмдун маалыматына таянсак, ОКӨФтүн башкармалыгынын мүчөсү Бакыт Курманбеков Жалал-Абад шаарындагы JIA «Бизнес-Караван» бизнес-ассоциациясынын долбоорунун алкагында ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууга Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлери катышты.

Ишканалардын жетекчилери бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болгон, тактап айтканда, акыркы продукцияны сатуу жана экспорттоо боюнча негизги кыйынчылыктар менен пикир бөлүшүштү. Алар өз долбоорлору тууралуу айтып, ОКӨФтөн кеңеш алышты. Жолугушуунун катышуучулары уюмдун каржылоо суммасынын минималдуу чегин төмөндөтүү маселесин да көтөрүштү.

Уюмдан билдиришкендей, фонд сүйлөшүүлөргө дайыма ачык жана долбоорлорду даярдоо стадиясында бизнеске адистештирилген консультациялык колдоо көрсөтүүгө да даяр. Бул үчүн ар бир региондо ишкерлерди жана алардын «Кепилдик фонду» жана өнөктөш банктар менен өз ара аракеттенүүсүн координациялаган консультациялык борбор иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган