Салык кызматы текшерүүгө алган жарандын банктагы сыр маалыматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Салык кызматы текшерүүгө алган жарандын банктагы сыр маалыматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Салык кызматы расмий текшерүүгө алынган салык төлөөчүнүн банктык сыр маалыматтарын ала алат. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков билдирди.  

Анын айтымында, алар бул компромисске Кыргызстандын банктар Биримдиги менен чогуу келишкен. «Салык кызматынын банктар менен өз ара аракеттенүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат, эгерде текшерүү боюнча расмий буйрук болгон болсо, аны банктар «Түндүк» системасы аркылуу текшере алат. Ошондой эле ага ынангандан кийин эч кандай соттун чечими жок эле кардардын сыр маалыматтарын бере алышат», – деди Исабеков.  

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев кошумчалагандай, статистика боюнча жылына 3-4% гана салык төлөөчүлөр текшерилет, башкача айтканда, бул бардык салык төлөөчүлөрдү камтыбайт.  

«Салык кодексинде Салык кызматынын укуктары менен милдеттеринде, биз кандайдыр бир сырды, анын ичинде салыктык жана банктык сырды сактоого милдеттүү экенибиз көрсөтүлгөн, анткени текшерүүнүн жүрүшүндө тигил же бул жол менен баары бир салык төлөөчү бул маалыматтарды берет. Бизге банктык сыр маалыматтар түшкөндө,  ал салык сырына айланат жана эгерде ал бузулса, кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылат», –  деди Салык кызматынын методология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Умтулов.

Умтулов кошумчалагандай, ведомствонун сайтында эскертүү маалыматтарын текшерүү кызматы бар. Каалаган салык төлөөчү, каалаган жаран кирип, буйруктарды номери, датасы боюнча текшере алат, алардын баары маалымат системасында жазылган.  

Эске салсак, Кыргызстандын банктар Бирикмеси өзүнүн Фейсбук барагында Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 126-беренесине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатканын тынчсыздануу менен билдирген жарыясынан кийин социалдык тармактарда, ММКда бул чоң талкууга түшкөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган