Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия

Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо үчүн Европа өнүктүрүү банкы бөлгөн 22 млн евронун 10.5 млн доллары сарпталган, бирок иш жүзүндө эч нерсе болгон эмес. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Биз тендердин мыйзамдуулугун изилдөө жана полигондун түтөгөн жерлерин калыбына келтирүү жана консервациялоо боюнча подрядчы болгон эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен келишимди бузуу маселесин көтөрдүк. Алар өнөктөш катары бир катар макулдашылган иштерди аткарышы керек болчу, бирок иш жүзүндө аткарышкан жок. Керек болсо биз сотко берүүгө даярбыз», – деди ал.

Мэриядан мурдараак билдиришкендей, кийим тигүүчү цехтерден таштандылар полигонго системалуу түрдө уруксатсыз ташталгандан улам, санитардык полигондун ар кайсы жерлеринде таштанды өрттөрү уланып жатат.

Шаар башчысы белгилегендей, азыр Бишкектеги таштанды жай катастрофалык абалда турат.

Эске салсак, 2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо үчүн кредиттик келишимге кол коюшкан. Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзүп, бул акчанын жарымы грант болсо, экинчиси Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынан (ЕРӨБ) кредит түрүндө келген.

Мурда борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, подрядчы компания пандемияга байланыштуу 14 ай токтоп калган, бирок июнь айынын ортосунда ишин жандандырган, ошого байланыштуу келишим 17 айга чейин узартылышы күтүлгөн эле.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган