Араб делегациясы Бишкекте – алар мейманкана бизнесине кызыкдар
Кечээ, 7-октябрда Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Бишкекке келди. Делегациянын курамында бизнести өнүктүрүү, тоо-кен, айыл чарба жана санариптик секторунун директору Али Алрашди башында турган Royal Group компаниясынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Инвестиция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Визиттин жүрүшүндө, араб делегациясынын өтүнүчү боюнча, министрлик мейманкана жана бизнес борборлорунун, курорттук комплекстердин курулушунун долбоорлорун изилдөө үчүн Бишкектин жана Ысык-Көл облусунун ар кандай объектилерине саякаттарды уюштурат.
Арабдар көлдүн жээгиндеги бизнеске жана тоолуу райондордогу мал чарбасы тармактарына кызыкдар.
Белгилей кетсек, бул сапар БАЭнин Энергетика жана инфраструктура министри Сухейл аль-Мазруи башында турган БАЭ делегациясынын 2021-жылдын 2-4-сентябрында болгон мурдагы сапарынын жыйынтыгы менен уюштурулган.