Дүйнөлүк банк Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүүгө 17 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын сүт тармагын өнүктүрүүгө 17 млн доллар бөлөт

ЖКнын кечээ, 7-октябрдагы жыйынында депутаттар КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы «Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу долбоорун кошумча каржылоо») ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Ошондой эле 2017-жылдын 10-августундагы КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору да жактырылды.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев ЭӨАнын келишимине ылайык, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында уйдун тукумун жакшыртууга жана сүт өндүрүүнү жогорулатууга 17 млн доллар бөлүп жатканын айтты.

«Бул долбоордун экинчи фазасы, аны каржылоо донорлор тарабынан Ысык-Көл облусунда ишке ашырылган 5 млн доллар өлчөмүндөгү биринчи пилоттук фаза ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин жактырылган», – деди ал. Үчүнчү фазада Чүй жана Жалал-Абад облустарында сүт секторун өнүктүрүү пландаштырылууда.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымында, насыя 38 жылдык мөөнөткө 0.75% үстөк менен берилет. Бул келишимдин алкагында 10 миң фермер 3 жылдык мөөнөткө 1.5 миң доллардан насыя ала алат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган