Депутат Айнуру Алтыбаева Ошто учактын алдына чейин машине менен келди (видео)

Депутат Айнуру Алтыбаева Ошто учактын алдына чейин машине менен келди (видео)

Социалдык тармакта Оштогу аэропорттун автобусунан тартылган видео тарап, кызуу талкууга түшүп жатат дейт Kaktus. Видеодо Элдер Бишкекке уча турган рейсти күтүүдө, ал эми терезеден депутат Айнуру Алтыбаева үй-бүлөсү жана жардамчысынын коштоосунда самолеттун трапына чейин унаасы менен келип, самолетко түшүп жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ош-Бишкек рейсинин жүргүнчүлөрүн учактын бортуна отургузбай, депутат Айнуру Алтыбаева келип түшкөнчө 20 мүнөт кармашканын айтышууда.

Депутат бул маалыматты жалган деп айтып, Ош – Бишкек рейсинин кармалганына ал күнөөлү эмес экенин билдирди.

«Авиакомпания бортту алмаштырган үчүн рейс кармалып калды. Биз жүргүнчүлөр бардыгыбыз ошол процедураны күтүп калдык. Борт алмашкандын айынан жүргүнчүлөрдү орду-ордуна отургузганда да көйгөйлөр жаралды. Бул постту жазган адамга боорум ооруп турат, эптеп эле бир нерсе чыгарыш үчүн калпты ышкыртып жатат», – деп жазган эл өкүлү.

Бирок ал учактын трапына чейин аэропорттун автобусу менен эмес машине менен келгенине Алтыбаева эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Аэропорттун басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, бардык депутаттар башка жүргүнчүлөр сыяктуу эле процедуралардан өтүп, учакка расмий делегациялар залы аркылуу отурушат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган