Google менен Yandex Кыргызстанда салык төлөөгө милдеттендирилет
Кыргызстанда жарандарга жана жергиликтүү компанияларга электрондук кызмат көрсөткөн, бирок өлкөдө жайгашпаган компаниялар үчүн КНС төлөө боюнча жаңы режим киргизилүүдө. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев маалымат жыйынында билдирди.
Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизилген өзгөртүү Google жана Yandex сыяктуу компанияларга таасирин тийгизет. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул «Яндекс Такси» кызматына да тиешелүү болот.
«Ошондой эле, электрондук соода тармагындагы ишмердүүлүккө дагы атайын салык режими киргизилүүдө», – деп кошумчалашты ведомстводон.
Белгилей кетсек, кодекстин долбооруна ылайык, «Google боюнча салыкка» ставка 2% деп белгиленген.