Көмүр былтыркыга салыштырмалуу 715 сомго кымбаттады

Көмүр былтыркыга салыштырмалуу 715 сомго кымбаттады

2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу көмүрдүн орточо керектөө баасы республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тонна  үчүн  715 сомго же 16%га өстү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тоннасы – 2 500 сом), Балыкчы шаарында (бир тоннасы – 4000 сом) Токтогул шаарында (бир тоннасы – 4373 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн – 8 390 сом), Баткен (бир тоннасы – 8 377 сом) жана Исфана (бир тоннасы – 6 500 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилген.

Эскерте кетсек, күз-кыш мезгилинде КР 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Биринчи Радиодогу» мегинде билдирген болчу.

Учурда республикада лицензиясы бар 45тей жеке менчик көмүр казган ишкана бар жана анын ичинен экөө мамлекеттики. Эң чоң көлөмдөгү көмүр «Кара-Кечедеги» бассейнде казылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган