Акыркы 3 жылда КРда балык өндүрүү 2.4 эсеге өскөн
Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандагы балык өндүрүүнүн көлөмү 2.4 эсеге өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян билдиргенин ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
Ал ЕАЭБ мамлекеттеринин балык чарбасы потенциалы жогору өсүп келе жаткан тармак экенин билдирген.
«Мисалы, акыркы үч жылдын ичинде жалпы Биримдикке кирген өлкөлөрдүн аквакультура өндүрүшүнүн көлөмү 50%га өстү. Мында эң олуттуу өсүштү Казакстан менен Кыргызстан (2.4 эсеге өскөн), ошондой эле Россиядан (1.5 эсеге) байкоого болот», – деди Армен Арутюнян.