«Кыргызкөмүр»: Түштүк жергесинде көмүрдүн тоннасы 7-8 миң сомго чыгып жатат

«Кыргызкөмүр»: Түштүк жергесинде көмүрдүн тоннасы 7-8 миң сомго чыгып жатат

Түштүк жергесинде көмүрдүн тоннасы 7-8 миңге чыгып жатат, анткени ал жакта көмүрдүн казылышы кымбат. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине бааны кармоо боюнча тапшырма берилет болуш керек. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» МИнын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов Биринчи Радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул жылда эле кайталанчу көрүнүш. Болгону бул жылы Кара-Кечедеги жаанчыл аба ырайы, Кытайдан жабдуулардын өз мезгилинде келбей жана ачкан көмүр кесектери майда чыгып калышы быйыл бираз тоскоолдуктарды жараткан.

«Көмүр чыккан жеринен 1330 сомдон кое берилип атат. Андан кийинки бааны биз жөнгө сала албайбыз. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине бааны кармоо боюнча тапшырма берилет болуш керек. Күйүүчү майдын кымбатташы биздин жумуштарга тоскоолдуктарды жаратты. Жабдуулардын баары Кытайдан келет, чек аралар жабылып, бузулган техникалар менен айлап туруп калдык. Анан калса, биз жер астындагы көмүрдүн кандай экенин аныктай албайбыз, эки жолу ачкан жерибиз майда чыгып калды», – деп түшүндүрдү ал өлкөдөгү көмүр маселесин.

Андан тышкары: «Көмүр жүктөө иштери 3-сентябрда эле башталган. 1-октябрдан баштап дагы жүктөп жиберип жаттык. Учурда күнүгө 3000 тоннадан кем эмес көмүр жүктөлүп жатат», – деп билдирди Бекжанов.

Эскерте кетсек, күз-кыш мезгилинде КР 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Биринчи Радиодогу» мегинде билдирген болчу.

Ал эми 2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу көмүрдүн орточо керектөө баасы республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн  715 сомго же 16%га өскөнүн Улутстатком маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган