Польша КРга 55 миң доза AstraZeneca вакцинасын берди

Польша КРга 55 миң доза AstraZeneca вакцинасын берди

COVID-19 менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүү үчүн Европа Биримдигинин (ЕБ) Жарандык колдоо механизми боюнча долбоорунун алкагында Польша Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 200 дозасын берди. Бул тууралуу Евробиримдиктин КРгы өкүлчүлүгү өзүнүн Твиттер баракчасында билдирген.

Анын айтымында, Польша Европа Биримдигинин (ЕБ) жарандык колдоо механизминин алкагында 55 200 доза вакцина берди.

Польшанын элчисинин орун басары Томаш Коллат берилген вакциналар боордош кыргыз элине мурдараак берилген жардамдын уландысы экенин айтты. Ал 2020-жылдын жазында пандемиянын кызуу мезгилинде поляк дарыгерлеринин тобу тажрыйба алмашуу жана коронавирус менен ооругандарды түз дарылоо үчүн Кыргызстанга келгенин эске салды.

«Европа Биримдиги жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Кыргызстанга пандемиянын башынан бери колдоо көрсөтүп келишет. Ошондой эле медициналык аппараттар, жеке коргонуу каражаттары, психологиялык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү. Вакциналар иштелип чыккандан кийин, алар ЕБ 2.5 млрд евро инвестициялаган COVAX программасы аркылуу жеткиликтүү болушкан. Пандемия менен күрөшүү жалпы күч-аракетти талап кылат жана биз биргелешип гана бул оор мезгилди жеңе алабыз», – деди Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Польша өкмөтүнө көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди жана алынган жүк бүгүн эле эмдөө пункттарына таркатыларын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды. Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш. Сатып алуу

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти. Макулдашууга