Арбитраждагы жеңиш – Кыргызстан MegaCom иши боюнча 298 млн доллар төлөбөйт

Арбитраждагы жеңиш – Кыргызстан MegaCom иши боюнча 298 млн доллар төлөбөйт

8-октябрда «Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча Жыйынтык арбитраждык чечим чыгарылгандыгын Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борбору маалымдады.

Чечимге ылайык, доогердин 298 млн доллар өлчөмүндөгү компенсация тууралуу талабы Арбитраж курамы тарабынан толук көлөмдө четке кагылган. Атап айтканда, Арбитраж курамы токтом кылгандай, КРга инвестиция кылууда Доогер бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган.

Маалымдасак, Доогер, Penwell Business Ltd оффшордук компаниясы 2017-жылдын июль айында КРга каршы эл аралык арбитраждык териштирүүнү демилгелеген, анда республика доогердин инвестициясын «БиМоКом» ЖЧКга (MegaCom соода маркасы) экспроприация кылган деп билдирген.

Борбор белгилегендей, бул КРнын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат.

Бул маанилүү жеңиш Министрлер Кабинетинин Сот өкүлчүлүгү борборунун командасынын жана КР тарабынан тартылган юридикалык өкүлдөрдүн – Willkie Farr & Gallagher LLP эл аралык юридикалык фирмасынын ырааттуу жана натыйжалуу ишине жараша орун алды.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү

Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Э.Акунбеков: Кыргызстанда сугат жерлердин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жетти

Кыргызстанда сугат жерлеринин жалпы аянты 1 млн 23 миң гектарга жеткенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык кеңешмеде айтты. Министрдин маалыматы боюнча, 2025-жылы 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 22 эсе жогору

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алат

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 92,6 млн сомго байкоо системасын сатып алууну пландап жатат. Тиешелүү тендер жарыяланды. Техникалык тапшырмага ылайык, көп позициялуу байкоо системасынын алыстан орнотулуучу сенсорлору сатылып алынат. Атайын жабдуу TADOT—ONDIX—OGIGI жаңы аба трассасы боюнча учкан аба кемелери тууралуу радиолокациялык маалыматтарды алууну камсыздоого тийиш. Сатып алуу

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

Кыргызстан менен Румыния кош салык салууну жоюуну талкуулашты

23-26-февралда Бухарест шаарында Кыргызстан менен Румыниянын расмий делегациялары кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар документтин долбоорун кеңири талкуулап, анын негизги жоболору боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти. Макулдашууга