Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечимин кабыл алды

Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечимин кабыл алды

Министрлер кабинети кечээ, 12-октябрда, көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чечимин кабыл алды. Бул 90 календардык күнгө созулат. Бул тууралуу кабинеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бул чечим көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө, 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты өз убагында туруктуу көмүр менен камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.

Мамлекеттик монополияга каршы агенттикке 2009-жылдын 22-апрелиндеги социалдык маанилүү товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Эске салсак, республикада суук түшткөндөн тартып, көмүрдүн баасы кымбаттап баштаган. Айтсак, Кара-Кечеден тоннасы 1330 сомдон чыккан көмүр, Чүйдө 4000-5000 сомдун тегерегинде сатылып жаткан. Ал эми КРнын түштүгүндө болсо тоннасы 7000-8000 сомго чыгууда.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик