МИК ААК мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтөт

МИК ААК мурда берилген ипотекалык кредиттердин пайыздык чендерин төмөндөтөт

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүдө. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компания «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак жай программасынын жылдык пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алды.

Жылдык пайыздык чен этап-этабы менен төмөндөтүлөт, ал үчүн МИК ААКтын Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык насыя алуучулары:

• мөөнөтү өткөн карыздарды жабуу
• мөөнөтү өтүп кеткен камсыздандыруу полистерин жаңыртуу
• банк менен карыз алуучунун ортосундагы учурдагы келишимдерге тиешелүү кошумча келишимдерди түзүү керек.

Толук маалымат алуу үчүн, банктын кураторуна кайрылуу зарыл.
Пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча шарттары www.gik.kg расмий порталында жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик