Министрлер Кабинетинин жаңы курамынын мүчөлөрү ЖКда ант беришти

Министрлер Кабинетинин жаңы курамынын мүчөлөрү ЖКда ант беришти

Министрлер Кабинетинин жаңы курамынын мүчөлөрү ЖКда ант беришти. Ант берүүгө президент Садыр Жапаров да катышты.

Мамлекет башчысынын катышуусунда төмөндөгүлөр ант беришти:

  • Акылбек Жапаров – Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
  • Арзыбек Кожошев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары
  • Азиз Аалиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
  • Эдиль Байсалов – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
  • Камчыбек Ташиев – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
  • Данияр Амангелдиев – Экономика жана коммерция министри
  • Алмаз Бакетаев – финансы министри
  • Руслан Казакбаев – тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри
  • Аяз Баетов – юстиция министри
  • Эркинбек Осоев – транспорт жана коммуникациялар министри
  • Аскарбек Жаныбеков – айыл чарба министри
  • Доскул Бекмурзаев – энергетика министри
  • Динара Кутманова – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
  • Алымкадыр Бейшеналиев – саламаттык сактоо министри
  • Болотбек Купешов – билим берүү жана илим министри
  • Азамат Жаманкулов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
  • Кудайберген Базарбаев – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри
  • Бактыбек Бекболотов – коргоо министри
  • Улан Ниязбеков – ички иштер министри
  • Бообек Ажикеев – өзгөчө кырдаалдар министри.

Андан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, азыркы Министрлер Кабинети жаңы Конституцияга ылайык толук кандуу ишин баштаарын белгиледи. Мамлекет башчысы Министрлер Кабинетинин алдында бир катар тапшырмаларды коюп, өлкөнүн коомдук-саясий жашоосундагы актуалдуу маселелерге токтолду.

Мындан сырткары, ал парламентке таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, чиновниктерге тигил же бул партия же талапкер пайдасына административдик ресурс колдонгону үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертти.

Президент Садыр Жапаров бардыгын добуш сатып алуулардын алдын алып таза шайлоо өткөрүүгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик