Президент: биз Жапаров менен макулдашып, келиштик

Президент: биз Жапаров менен макулдашып, келиштик

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына бул дайындоону Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.

«Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөкпулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. Ал быйыл казынаны 280 млрд сом менен жаап, эмдиги жылы 400 млрд сомго жакындатууга сөз берди.

Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, Өкмөт башына коюп, убакыт берели», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик