Сентябрда 9 млрд 717 млн сом салык чогулду – аванс катары берилген салыктарды кошкондобу?

Сентябрда 9 млрд 717 млн сом салык чогулду – аванс катары берилген салыктарды кошкондобу?

Салык кызматы ушул жылдын сентябрь айында болжолдогу 9 млрд 663 млн сомдун ордуна 9 млрд 717 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналып, белгиленген план 100.6%га аткарылды деп билдирди. Бирок osoo.kg порталы сентябрь айында ири компаниялар 460 млн сомдон ашык суммадагы салыктарды алдын ала (аванс катары) төлөшкөн деп маалымдады.

Салык кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 2 млрд 652.7 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137.6%ды түзгөн.

Ал эми osoo.kg порталында 2021-жылдын сентябрь айында КРнын ири салык төлөөчүлөрү салыктын ар кандай түрлөрү боюнча аванс катары бюджетке 460 млн сомдон ашык акча төлөшкөн. Мамлекетке эң ири төлөмдөр төмөнкү компаниялар тарабынан аткарылган:

  • «Түштүк Кыргыз Цемент» ЖАК– 155.8 млн сом
  • «Газпромнефть-Азия Оперейтинг компаниясы» ЖЧК – 170 млн сом
  • «Альфа Ойл» ЖЧК – 50 млн сом
  • «Альфа Телеком» ЖАК – 20 млн сом
  • «Теллур» ЖЧК – 10 млн сом
  • Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы – 6 млн сом
  • «Партнер Нефть» ЖЧК – 4 млн сом

Бирок Салык кызматы алдын ала ири компаниялардан чогултулган салыктар тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

Ушул жылдын сентябрь айында аванс менен салык төлөгөн ири компаниялардын катарында «КАЗ Минерал Бозымчак» ЖЧК, «Автомаш Радиатор» ЖЧК, «ТД Сласть» ЖЧК, «Горно-промышленная компания Природное золото» ЖЧК, «ПЭЙ 24» ЖЧК жана «Бакай», «Бай-Түшүм», «Оптима», «Керемет Банк», «Капитал Банк», «Айыл Банк» банктары бар.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик