Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар

Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын эсебинде 100 млн доллардан ашык акча каражаты бар экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга «Кумтөр» өндүрүштүк процесстерден улам август айын кошпогондо, туруктуу иштеп жатканын айтты жана пландалган көлөм жылдын аягына чейин аткарыларына убада кылган.

«22 жылдан бери алтындар өлкөдөн экспорттолгондон айырмаланып, бүгүнкү күндө ал бизде калууда. Салыктар түшүп жатат. 100 млн доллардан ашык «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде бар», – деди Жапаров.

Ошондой эле анын айтымында, Женевада болгон жолугушууда Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын жарандарын кенде иштөөгө тартууга макулдугун берген.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

2025-жыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пайдаланууга берилген турак жайлар боюнча рекорддук жыл болгонун 27-февралдагы республикалык жыйында Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, МИК буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти: 4,6 миң үй-бүлө өз батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы көрсөткүчтүн жарымына барабар. Президент белгилегендей, турак жайлардын көбү