Дүйнөлүк банк КРга 60 млн долларлык инвестиция бериши күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк КРга 60 млн долларлык инвестиция бериши күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк менен болжолдуу түрдө 60 млн долларлык инвестицияга сүйлөшүүлөр аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен шаарында өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, негизги компонент айыл-чарбасына, чакан ишкерликке жумшалат. Эске салсак, азыр ушу тапта Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүп жатат.

«Баткен облусундагы инвестициялоо багыттарынын бири – энергетика. Мисалга, Ак-Суу, Козу-Баглан, Кожешкен, Исфайрамсай, Ак-Сай сыяктуу ири дайраларда чакан ГЭСтердин курулушу күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чакан гидроэлектростанциялар үчүн жер бөлүүгө максималдуу колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк менен биргеликте болжол менен 50-60 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле ири инвестицияларды ирригациялык долбоорлорго багыттоо зарыл», – деди Акылбек Жапаров.

Бул иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

2025-жыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пайдаланууга берилген турак жайлар боюнча рекорддук жыл болгонун 27-февралдагы республикалык жыйында Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, МИК буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти: 4,6 миң үй-бүлө өз батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы көрсөткүчтүн жарымына барабар. Президент белгилегендей, турак жайлардын көбү