Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түздү – эң жогору баалар Жалал-Абадда байкалды

Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түздү – эң жогору баалар Жалал-Абадда байкалды

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында инфляция 6.5%ды түздү. Кызмат көрсөтүүдөн баштап тамекиге чейин бардыгы кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 9.8%га, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – 7.4%га, азык-түлүк эмес товар – 6.4%га, тарифтер менен кызмат көрсөтүүлөр – 2.4%га кымбаттады.

Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы бардык региондорго таасирин тийгизди. Мында инфляциянын максималдуу деңгээли (9.6%) Жалал -Абад облусунда катталган. Бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарларга (12.7%га) жана алкоголго жана тамекиге (11.9%) баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу болду дейт Улутстатком.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

2025-жыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пайдаланууга берилген турак жайлар боюнча рекорддук жыл болгонун 27-февралдагы республикалык жыйында Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, МИК буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти: 4,6 миң үй-бүлө өз батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы көрсөткүчтүн жарымына барабар. Президент белгилегендей, турак жайлардын көбү