2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин өткөрүү демилгеленүүдө

2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин өткөрүү демилгеленүүдө

2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин чакыруу демилгеленүүдө. Бул тууралуу 12-октябрда Нур-Султан шаарында КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунда билдирди.

Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун» атынан кыргыз тарап 2022-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо демилгесин көтөрүп, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин чакыруу демилгелегендигин маалымдады. Ал АӨИЧКга бардык мүчө мамлекеттерди Кыргызстан демилгелеген жогорудагы иш-чараларга катышууга чакырды.

Ошондой эле ал АӨИЧКнын 30 жылдыгын, Казакстандын АӨИЧКны чыңдоодогу жетектөөчү ролун эске алуу менен, ал Кыргызстан менен Казакстандын АӨИЧКга төрагалыгынын артыкчылыктарын, анын ичинде Кеңешменин институционалдык өнүгүүсүнө багытталган аракеттерин, Аналитикалык борборлор форумун туруктуу иштеген платформага кайра түзүү аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи. Төрагалыктын бул демилгелери АӨИЧКнын эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана анын эл аралык аброюн бекемдөөгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Мамлекетке 959 объект, 3 300 гектар жер кайтарылды – С.Жапаров

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынганын республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди. Президент белгилегендей, коррупция өлкөнүн өнүгүүсүнө бир топ эле кедергисин тийгизип келген. "Ага каршы иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке миңдеген мүлктөр алынды. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлдү. Жергиликтүү органдардын балансына 3 миң 300 гектардан ашык

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында

Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды

Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө үйлүү болот

2025-жыл Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан пайдаланууга берилген турак жайлар боюнча рекорддук жыл болгонун 27-февралдагы республикалык жыйында Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, МИК буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жетишти: 4,6 миң үй-бүлө өз батирлеринин ачкычтарын алышты. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы көрсөткүчтүн жарымына барабар. Президент белгилегендей, турак жайлардын көбү