Дастан Бекешев: Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну кайрадан талап кылууда

Дастан Бекешев: Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну кайрадан талап кылууда

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууну талап кылууну улантууда. Президенттин каршы пикиринен кийин мыйзам долбоору кайра каралып, оңдолуп-түздөлүп чыккан, бирок жалпысынан концепция ошол бойдон эле калды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Депутат белгилегендей, Салык кодексине экономикадагы өзгөчө кырдаалды форс-мажордук жагдайлар менен бирдей кылган түзөтүүлөр киргизилип жатат жана министрлер кабинетине салык режимин өзгөртүү укугу берилген, башкача айтканда, алар ыктыярдуу патентти алып салып, анын ордуна салык келишимин түзүүнү киргизе алышат.

«12 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат жана Министрлер Кабинети коомдук талкуусуз эле каалаган чечимдерди кабыл ала алат. Мындай нерселер «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамда коюлган. Ишкерлер бир караса эле жаңы эрежелер иштеп жаткан болот», – деп жазган Бекешев.

Эске салсак, парламент бул мыйзам долбоорун 29-июлда дароо эле үч окууда, коомдук талкуусуз жана жөнгө салуучу таасирге анализ жүргүзбөстөн, ошондой эле коррупцияга каршы экспертизаны карабастан эле кабыл алган. Эксперттер документте экономикалык системанын туруктуулугуна коркунуч туудурган көптөгөн шектүү нормаларды табышкан. Алардын ою боюнча, экономикадагы өзгөчө кырдаалдар жөнүндөгү мыйзам коррупцияга кенен жол ачат.

Айтсак, бизнес коомчулугу дагы бул документке каршы болуп, президентти ага кол койбоого үндөгөн болчу. 27-сентябрда мамлекет башчысы мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны кайра ЖКга кайтарып берген, эми бир айга жетпей долбоор кайра демилгеленип баштады.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекет 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом жумшаган

Мамлекет 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом жумшаган

Өткөн жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом багытталганын республикалык жыйында Эдиль Байсалов билдирди. Анын айтымында, салыштыруу үчүн: 2021-жылы бул сумма 63,5 млн сомду түзүп, 329 миң нуска окуу китеби басылып чыккан. Эдиль Байсалов республикада 2 миң 394 мектеп бар экенин, анда 1,5 млн бала билим алып жатканын

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыш башкармалыгынын башчысы Улукман Максүтов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге өскөн. Импорттун негизги бөлүгүн фармацевтикалык

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат. 2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Быйыл дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Натыйжада көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга жогорулап, жалпы кубаттуулук

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды.