Министрлер кабинети менен Улуттук банк баанын өсүшүн токтото албайт – эксперт

Министрлер кабинети менен Улуттук банк баанын өсүшүн токтото албайт – эксперт

«Кыргызстанда баанын өсүшүнө тышкы факторлор себеп болууда. Менин оюмча, Министрлер кабинетинин жана Улуттук банктын бааларды токтотууга реалдуу рычагы жок». Мындай пикирин экономист Азамат Акенеев бүгүн, 22-октябрда «Жаңы өкмөт: чакырыктар жана келечек» тегерек столунда билдирди.

Эксперттин пикиринде, инфляцияны басаңдатуу мүмкүнчүлүгү гана бар. Өкмөт бюджеттик кызматкерлердин, баанын көтөрүлүшүнөн эң көп жабыркаган аз камсыз болгондорго социалдык жөлөкпулдарды максаттуу бөлүштүрүү менен гана жардам бере алат.

«Биздин импортчулар рынокту кандырууга мүмкүндүк бербеген чектөөлөр дагы эле бар экенин айтышууда. Бул жерде баанын өсүшүн басаңдатуу үчүн тез арада чечимдерди кабыл алыш керек», – деди ал.

Белгилей кетсек, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түзгөн. Тейлөөдөн баштап, спирт ичимдиктери менен тамекиге чейин баары кымбаттады.

Ошондой эле экономика тармагындагы эксперт Азамат Акенеевдин айткандарына таянсак, жакын арада Кыргызстанга инвесторлор келбейт. Жаңы өкмөт эмнелерди убада кылып, кандай аракет кылбасын, алар туруктуу саясий абалды күтүшөт.

«Мамлекеттик структураны өзгөртүүнү, шайлоо процесстерин аягына чыгара элекпиз. Жалпысынан алганда, бул белгисиздик мезгил улана берет», – деди ал.

Эксперттин айтымында, жакынкы эки жылда чоң көлөмдөгү инвестицияларды күтпөш керек. «Ошондуктан, учурда мамлекет гана өзүнүн ресурстарынын эсебинен инвестицияларды көбөйтө алат», – дейт эксперт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

Улуттук банк валюта рыногуна ири интервенция менен чыкты

26-февралда Улуттук банк 2026-жылдагы эң ири валюталык интервенциясын жүргүзүп, сомдун алмашуу курсун турукташтыруу үчүн рынокто 162,55 млн $ сатты. Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, бул сумманын негизги бөлүгү — 131,7 млн $ бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен сатылган. Мындан сырткары 30,85 млн $ бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен сатылды.

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого