Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду.

Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "Борбор Азияда электр энергия рыногун өнүктүрүү жана энергосистемаларды интеграциялоо" программасы — REMIT 2035-жылга чейин эсептелип, 1 млрд доллардан ашык каржылоону камтыйт.

Аталган программа аймак өлкөлөрүнүн энергетикалык өз ара байланышын чыңдоого, Борбор Азиядагы алгачкы регионалдык электр энергия рыногун түзүүгө, чек ара аралык электр соодасын кеңейтүүгө, электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана кайра жаралуучу энергия булактарын бирдиктүү системага интеграциялоого багытталган.

CAWEP (Central Asia Water and Energy Program) — Дүйнөлүк банк, Европа биримдиги, Швейцария жана Улуу Британия тарабынан колдоого алынган өнөктөштүк программа болуп саналат. Ал климаттын өзгөрүшү шартында аймактын суу-энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери толугу менен аяктады

Борбор калаада кар тазалоого 114 атайын техника даярдалды

Өлкөдө балдарды эрте өнүктүрүү кызматтары менен камтуу 55 пайыздан ашканы айтылды

"Ачык кабинет": Өлкөдөгү үч эл аралык аэропорттогу иштер көрсөтүлдү

"Борбордук Азия — Кытай" конференциясында эки документке кол коюлду