Бизнеске жасалган басым – инвестициянын көлөмүн төмөндөтөт – пикир

Бизнеске жасалган басым – инвестициянын көлөмүн төмөндөтөт – пикир

Жакында эле 22-октябрда өткөн «Жаңы өкмөт: чакырыктар жана келечек» тегерек столунда экономика боюнча эксперттер жакын арада Кыргызстанга инвесторлор келбей тургандыгын, жаңы өкмөт эмнелерди убада кылып, кандай аракеттерди жасабасын, алар туруктуу саясий абалды күтүшөрүн айтышкан эле.

Эксперттердин айтканына карата кандай ойдо экендигин билүүгө Economist.kg мурдагы мамлекеттик кызматкер Уран Чекирбаевге кайрылды. Эскерте кетсек, Чекирбаев КРга келчү Digital CASA инвестициялык долбоору боюнча опузалоо аракеттери болгондуктан, ДБ бул долбоорду ишке ашыруудан баш тартканын айткан болчу.  

Анын пикиринде дагы, инвесторлор биринчи кезекте өлкөдөгү саясий туруктуулукка карап келишет.

«Күчтүү инвесторлордун келишине менин дагы күмөнүм бар, себеби, дагы деле аларга ылайыктуу шарттарды түзүп бере элекпиз. Негизи инвесторлор индустриалдык парк, бир жерден документтер бүткөн бирдиктүү терезе сыяктуу даяр пакетке келишет. Ошондой эле алар саясий туруктуулукка баа беришет, бирок тилекке каршы, бизде азыр ал жок.

Инвесторлордун келишине «кустуруу» саясаты терс таасир этет. Бул саясий процедура канчалык таза өтүүдө, бул дагы өзүнчө суроо туудурат. Укук коргоо органдары 30 жылдан бери бизнести эле эмес, инвесторлорду кошуп кыйнап келет. Мен республикага инвестициянын аз тартылышын ушул укук коргоо адамдарынын ашыкча текшерүүсүнөн, киришүүсүнөн көрөм. Бизнес формачан адамдардын текшерүүсү күч алган кезде, бурулуш жасоочу бизнес-долбоорлор Кыргызстанда болбойт», – деди Чекирбаев.

Ошондой эле анын айтымында, мамлекеттик түзүмдөгү кыскартуулар, өзгөртүүлөр туруксуздукту жаратып жатат.

«Учурдагы мамлекеттик түзүмдөрдөгү кыскартуулар, өзгөрүүлөр – мамтүзүмдүн өзүндө туруксуздукту жаратууда. Мамлекеттик кызматкерлердин жумушсуз калышы – коомдогу туруксуздукка алып келет, ал өз кезегинде, өлкөдөгү туруксуздукту жаратат. Ушул аспект тыкыр каралышы шарт.

Чынын айтсам, акыркы жарым жылда мамлекеттик түзүмдөрдө башаламан иштер жүрүп жатат, бир ведомствону экинчисине өткөрүп, ортодо бөлүп эле быт-чытын чыгарып жатышат. Бул албетте, узак мөөнөттө экономикага терс таасирин тийгизет. Мындай иштер өтө тыкан, тартиптүү жасалыш керек эле, тилекке каршы, андай болбой жатат», – дейт ал.  

Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Министрлер кабинетинин төрагасы «Жылдын аягында мамлекеттик бюджеттин ресурстук бөлүгүн 280 млрд сом менен аяктайбыз, 2022-жылы 400 млрд сомго, 2023-жылга 500 млрд сомго, 2024-жылы 600 млрд сомдун тегерегине жеткиребиз» деп айткан Акылбек Жапаровдун пландарына жана анын саясаттагы ордуна да баа берип кетти.

«Көмүскөдө турган акчаларды чогултса, бюджетти эки эсеге көбөйтсө болот. Бирок бул нерсенин тескери жагы, канчалык салык көп чогултулса, бизнеске оор жүк болот, товарлар дагы кымбаттай баштайт.

Акылбек Жапаров күчтүү экономист, ошондуктан пандемиядан кийин экономиканын өсүү темпи жогору болорун ал жакшы билет. Азыр КРда гипер инфляция жүрүп жатат, дегеле, бүткүл дүйнөдө ушундай көрүнүш байкалууда. Бирок инфляциянын артыкчылыгы – ал акчаны тез айландырат, ушунун баары Жапаровдун айтканындай эле экономиканын бираз калыбына келишине түрткү болот. Салыкты чогултуп эле тим болбой, реформаларды жасоого маани берилиш керек, бизнеске карата шарттарды жакшыртыш керек. Бирок Акылбек Жапаровдун командасы бул жумуштарды жасай алабы же жокпу, бул да башка суроо. Негизинен экономисттердин командасы келгени, жакшы көрүнүш», – деди Чекирбаев.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

ӨКМдин бюджети беш жылда 6 эседен ашык өстү

2020-жылдан 2025-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети алты эседен ашык өстү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул өсүш куткаруучулардын айлык акысынын жогорулоосуна жана коопсуздукту күчөтүүгө түздөн-түз таасир берди, - деп айтылат маалыматта. Маалыматка ылайык, 2020-жылы министрликтин чарбалык субъекттери 3,9 млн сом зыян менен иштесе, учурда 240,8 млн

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Чүйдө 4,5 млн куб метрдик жаңы декадалык бассейндин курулушу башталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу жаңы бассейндин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Адылбек Касымалиев өлкөнүн ирригация тармагын өнүктүрүү – өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жыл сайын республикалык бюджеттен 1 млрд сомдон 3 млрд сомго

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын саны 798 миңден ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт 2025-жылдын миграциялык абалы жана кыргызстандыктардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу брифингде маалымат берди. Ага ылайык, 2025-жылдын декабрына карата чет өлкөлөрдө 798 400дөн ашык кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда (341 094), ошондой эле АКШда (60 миң), Германияда (15 миң), Кореяда

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Бишкектеги турак үйлөрдүн 1 чарчы метри орточо 176 млн сомдон жогору

Ноябрь айында Бишкек шаарында кыймылсыз мүлктүн 1 чарчы метринин орточо баасы сегменттер боюнча олуттуу айырмаланганын Жер ресурстары боюнча агенттиктин маалыматы көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүчтөр турак үйлөр сегментинде катталган, ал эми эң төмөнкү баалар социалдык жана административдик кыймылсыз мүлккө тиешелүү. Бишкек шаарында 1 чарчы метрдин орточо баасы сом менен: * Турак жай