Улуттук банк комбанктардын кардарларынын санарип профилин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат
Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн да тейленүүчү банк кардарларын электрондук формада идентификациялоо үчүн алардын санариптик профилин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.
Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бүгүн, 25-октябрда «КРнын каржы секторун санариптик трансформациялоо: перспективасы, көйгөйлөр, чечүү жолдору» аттуу тегерек столдо билдирди.
Улуттук банктын башчысынын айтымында, бул үчүн коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу топ түзүлдү, анын алкагында санариптик профилди консолидациялоо үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны талдоо жана тиешелүү системага талаптарды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат.