Өнөр-жай, айыл-чарба, курулуштагы өндүрүштүн төмөндөшү КРнын экономикасын калыбына келүүсүн токтотууда

Өнөр-жай, айыл-чарба, курулуштагы өндүрүштүн төмөндөшү КРнын экономикасын калыбына келүүсүн токтотууда

Экономиканын негизги секторлорунда: өнөр жай, айыл-чарба жана курулуш тармагында өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү – өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги фактор бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Улуттук банк билдиргендей, экономиканын негизги секторлорунда: өнөр жай (1.2 п.п.), айыл-чарба (-0.7 п.п.) жана курулуш (-0.5 п.п.) тармагында өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкө экономикасынын калыбына келүүсүн токтотуп турган негизги фактор бойдон калууда.

«КРнын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн экономикаларынын активдүү калыбына келүүсү уланууда. Ошентсе да, өсүшү уланган инфляциядан жана коронавирустун кыйла кооптуу штаммдарынын пайда болуу тобокелдиктеринен улам, биздин региондун экономикасынын туруктуу өсүү траекториясына чыгуу процессинде белгисиздиктер күч алууда», – деп билдирет УБ.

Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын реалдуу өсүшү 0.1% деңгээлинде оң белгиге жеткен, «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДПнын өсүшү 3.6%ды түзүү менен өткөн айдын деңгээлинде сакталган.

Эскерте кетсек, КРнын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 25-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 26-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар