Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат
Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, жер менен үйгө белгиленген салыктар аянтына карап, төлөнө турган суммасы такталып жатат. Ошондой эле салык төлөбөгөн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчиликтери да кылдат каралат. «Эгер кимде бул жагдай маселе жаратса, салыктан качкан тараптар чет өлкөгө сапарга чыгууда тоскоолдуктарга учурайт», – деп түшүндүрдү эл өкүлү.
Токтошев кыскартылган салыктын бир түрү катары мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилип жатат. Коомчулукта айтылган пикирлер эске алынып, Салык кодекси кабыл алынса, республиканын бюджетин 70%га чейин жогорулатууга болоорун айтат.
Ошондой эле ал баалар саясатында акциз салыгын алып салууга болбой тургандыгын билдирди. Анын пикиринде бюджет толтурууда салыктын аталган түрүнүн орду өзгөчө. «Ошол салыктар аркылуу табылган 3 млрд сом пенсия төлөмдөрүнө жумшалат. Андан кол жууп калбашыбыз керек. Эң башкысы, бензин менен камсыздаган өнөктөш мамлекететер менен мамилени чыңдап, кырдаалдан чыгууда алардын тилин табуу керек», – деди депутат.