Жогорку Кеңеш 2021-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды
Кечээ, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «2021-жылдагы республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү үч окууда кабыл алышты.
Белгилей кетсек, өзгөртүүлөргө ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 15 млрд сомду (188.2 млрд сомго чейин), чыгаша бөлүгү 26 млрд сомду (207.4 млрд сомго чейин), бюджеттин тартыштыгы 11 млрд сомду (19.2 млрд сомго чейин) түзөт.
Жыйынга катышкан депутаттар бул мыйзамды бир добуштан колдоп беришти.