2 мүнөттө 1 куту жасалат – Кадамжайдагы кичи өндүрүш чарбасы
Кадамжай районунда кичи өндүрүш чарба менен алектенген Мадамин Жороев алмага, шабдалыга, курмага, анарга атайын кутуларды жасап чыгарат. Ал күнүнө эң аз дегенде 1500 куту жасайт, ар бир куту 2 мүнөттө чыгат жана анын ар биринин орточо баасы 50 сом турат.
Чарбасында 5 адамды жумуш менен камсыз кылган бул жеке ишкер тууралуу Ютубдагы «Күн желеси» каналы тарткан. Кутулар алмага, шабдалыга, курмага, анарга атайын бөлүнүп жасалат. Бир куту орточо эсеп менен 50 сомдон сатылат.
Белгилей кетсек, Кадамжайдагы Үч-Коргон аймагында мөмө-жемиш көп өстүрүлөт.