«Керемет банктын» акциялары «B» категориясына көтөрүлдү
26-октябрда Кыргыз фондулук биржасы «Керемет Банк» ААКнын жөнөкөй акцияларын баштапкы «С» категориясынан жогорку «В» категориясына өткөрдү. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин 29-июнда КФБ «Керемет Банк» менен «ФинансКредитБанкты» киреше боюнча коюлган талаптарды аткарбагандыктан, алардын акцияларын төмөнкү «С» категориясына өткөргөн болчу.
Биржанын маалыматты ачыкка чыгаруу Борборунун билдиргени боюнча, 2021-жылдын I кварталында «Керемет Банктын» таза зыяны, тагыраак айтканда, чыгашасы 25.8 млн сомду түзгөн. Азыр болсо аталган банк II кварталды 35.7 млн сом пайда менен аяктады.