Президент Глазго шаарында кесиптештери менен (сүрөт)
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине катышууда. Ага катышуу үчүн 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 2-ноябрда, Президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт. Өлкө башчы иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүүсүнөн эле эмес, кыянаттык менен чарбалык жүргүзгөн ишмердүүлүктөн сактап калуу маанилүү экенине көңүл буруп, айлана чөйрөнү коргоо маселелерине токтолот.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда, Глазго шаарында БириккенУлуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылышына катышты. Ушул эле иш сапардын алкагында президент чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушту.
Президент Садыр Жапаров кесиптештери менен








