КРда эң көп айлык акыны IT, финансы, тоо-кен тармагындагылар алышат
Кыргызстанда январь-август айларында эң көп маянаны маалымат жана байланыш (41 миң сом), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (дээрлик 40 миң сом) жана тоо-кен казып алуу тармагынын кызматкерлери (39 миң сом) алышкан. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, айлык акынын орточо республикалык деңгээли 20 миң сомдун тегерегин түзөт.
Эң аз эмгек акыны искусство, оюн-зоок, эс алуу (10 миң сом), айыл жана токой чарбасы, балык уулоо (11 миң сом), саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө (12 миң сом) тармагындагы кызматкерлер алат.
2021-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин
түрлөрү боюнча кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы
(чакан ишканаларды эсептебегенде, сом)
