Кыргызстанда орточо эмгек акы 9%га өстү
Кыргызстанда январь-август айларында орточо айлык акынын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га көбөйүп, 19 миң 586 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
КРнын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231.6 долларды түздү.
Орточо айлык акынын өсүү темпинин олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10.9%), Ош шаарынын (13.5%) жана Бишкек шаарынын (9.9%) ишканаларында жана уюмдарында байкалган.
Эмгек акынын эң жогорку өлчөмү Бишкек шаарында (24 931 сом), Нарында (18 870 сом) жана Жалал-Абадда (18 609 сом) катталды.
2021-жылдын январь-августунда бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1.7 эсеге жогору болду.