Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат
Кыргызстанда 6-ноябрдан 9-ноябрга чейин дем алыш күндөрү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
7-8-ноябрь майрам күндөрү. Бул майрамдар Кыргызстанда 2018-жылдан бери белгиленип келет. Демилге 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 7-ноябрь Октябрь революциясынын майрамынын Тарых күнү болсо, 8-ноябрды ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилөөнү сунуштаган.
Быйыл 7-ноябрь жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү дем алыш күн болуп калат.
Министрликтин маалыматы боюнча, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь эс алуу күндөрү болуп, кыргызстандыктар 10-ноябрь, шаршемби күнү жумушка чыгышат.