Банктар мамлекеттин кепилдиги менен ишкерлерге 11 млрд сомдон ашык кредит беришти

Банктар мамлекеттин кепилдиги менен ишкерлерге 11 млрд сомдон ашык кредит беришти

Банктар «Кепилдик фонд» ААКнын кепилдиги менен ишкерлерге 11 млрд сомдон ашык кредиттерди беришти. Мындай маалыматты 31-октябрга карата аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Фонд тарабынан бекитилген кепилдиктердин саны 2290 болсо, анын суммасы 3 млрд сомду түзгөн, ошондой эле анын 84%ы өлкөнүн аймактарындагы кичи жана орто бизнеске берилген.

10 айда 912 млн сомго 615 кепилдик берилген. Аларга өнөктөш банктар 3 млрд сомго насыя беришкен. Бул көрсөткүчтөр берилген кепилдиктер менен кредиттердин саны жана көлөмү боюнча 2020-жылдагы көрсөткүчтөрдөн ашты.

Өткөн жылы «Кепилдик фонду» өлкөдөгү кичи жана орто бизнести колдоого 2.9 млрд сомго насыя алуу үчүн 779 млн сомго кепилдик берген.  

Мындан тышкары окуңуз

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда 0,6 секундада 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкты

Кытайда бир заматта 3D-басып чыгаруу технологиясы иштелип чыкканын South China Morning Post жазды. Жаңы ыкма Цинхуа университетинин окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Ал салттуу катмар-катмар басып чыгаруу ыкмасына эмес, таптакыр жаңы — голографиялык проекция технологиясына негизделген. Бул система тунук идишке жайгаштырылган басып чыгаруу материалын көз ирмемде катуу түзүлүшкө айлантат. Миллиметр өлчөмүндөгү үч

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Борбор Азияда электр энергиясынын рыногун түзүүгө 3,2 млн доллар бөлүндү

Ташкентте шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылган Борбор Азия үчүн Суу-энергетика программасы — CAWEP менен "Энергия" координациялык-диспетчердик борборунун ортосунда 3,2 млн доллар өлчөмүндө гранттык келишимге кол коюлду. Каражат Борбор Азияда регионалдык электр энергия рыногун түзүү боюнча баштапкы иштерди колдоого багытталат. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк 2026-жылдын январь айында жактырган "

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар