Салык кызматы карызы барлардан 4.2 млрд сом мажбурлап өндүрдү

Салык кызматы карызы барлардан 4.2 млрд сом мажбурлап өндүрдү

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы тарабынан салык карыздарын өндүрүп алуунун натыйжасында, бюджетке 4 млрд 225 млн сом түшкөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237 млн сомго көп же өсүү темпи 141% түзгөнүн ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Салык карызын милдеттүү түрдө өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 3 млрд 615 млн сом өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн банктардагы эсебине 1 млрд 368 млн сом өлчөмүндө 1306 салыктык төлөм талаптары келип түшкөн, натыйжада анын 393 млн сому өндүрүлгөн.

Ошондой эле, жыл башынан бери 1 млрд 617 млн сомдук 1130 материал сотко өткөрүлгөн. Анын ичинен бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүү үчүн 1 млрд 270 млн сомдук 568 материал каралган.

Салыктар өз убагында бюджетке төлөнбөгөндүгү үчүн 5 млн сом өлчөмүндө 2306 айып салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Таласта “Манас Ордо” жана “Баластандын” курулушу кызуу жүрүүдө

Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, облус жетекчиси Эрмат Жумаев курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуп жаткан объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Салык кызматы: 11 айда 2,1 млн тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланган

Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору – "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте 2025-жылдын 1-декабрына карата 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отунун маркалады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 2025-жылдын 11 айында күйүүчү-майлоочу материалдарга (КММ) карата акциз салыгы боюнча 3 млрд 736,7

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Автотетик ичине катылып бараткан 7 килограммдан ашык алтын кармалды

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жана Бажы комитетинин кызматкерлери ири көлөмдөгү алтынды контрабандалык жол менен алып өтүү аракетин токтотушканын  Podrobno.uz басылмасы маалымдады. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Фергана облусунун 31 жаштагы тургунун "Дустлик" чек ара бекетине жакын жерден кармашкан. Анын сумкасын текшерүү учурунда инспекторлор үч даана металлдан жасалган

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан, Афганистан транспорттук кызматташтыкты чыңдайт

Кечээ Кабул шаарында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев Афганистандын транспорт жана жарандык авиация министринин орун басары Абдул Хайдари жолугуп Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.  Эл аралык жүк ташууларды кеңейтүү максатында кыргыз тарап 2026-жылга карата 1000 даана уруксат бланктарын алмашууну сунуштап, афган тарап бул